Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында Чангылов атындагы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Мектепте 500 окуучу билим алат.
Жаңы мектепте окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал жана жабдылган химия, эмгек, физика жана информатика класстары бар. Ошондой эле, мектептерде толук кандуу окуу процесси үчүн бардык керектүү болгон шарттар каралып, эмеректер менен толукталды.
Мектептин курулушу өткөн жылдын январь айында башталып, сметалык наркысы 705 миң 438 АКШ долларын түзгѳн.