Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан Комсомол айылында 23-майга караган түнү жеке менчик мектептен өрт чыгып, болжол менен 1800 чарчы метр аянт күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-борбору маалымдады.
Кырсык саат 02:34тө чектөөгө алынып, 03:34тө толук өчүрүлгөн. Өрттөн жабыркагандар жок экени маалымдалды.
Өрттү өчүрүүгө Сузак районунан жана Жалал-Абад шаарынан жалпы жети күжүрмөн эсеп, бир суу ташуучу унаа жана бир автошаты алынып, ӨКМдин Жалал-Абад башкармалыгынын башчысы, полковник А. Закиров жетектеген 80 өрт өчүрүүчү катышты.
Өрт мектептин 3-кабатынан чыккан. Учурда атайын түзүлгөн комиссия тарабынан тилсиз жоонун келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдардын өлчөмү такталууда.
Белгилей кетсек, аталган жеке менчик билим берүү мекемеси 2016-жылдан бери иштеп, 400дөн ашуун окуучуга билим берип келген.