Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 26-апрелде саат 23:23тө катталган.
Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Кара-Суу, Табылгыты жана Өрнөк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.