"Эркин-Тоо"

Жалал-Абад: Рейд учурунда жол кыймылынын эрежелерин бузган жалпы 511 айдоочу аныкталды

Ушул жылдын 12-июнунан 27-июнь күнүнө чейинки аралыкта жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү тарабынан Жалал-Абад ОИИБдин тийиштүү тескемесинин жана иш-мерчеминин негизинде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак, Базар-Коргон райондорунун аймагында кылмыштуулуктун, жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында «Тартип» аталыштагы рейдтик иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарада ЖКККБнын, Жалал-Абад ОИИБдин МКККнын өзүнчө ротасынын, ошондой эле атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринен түзүлгөн атайын мобилдик экипаждар күн сайын күзөт багыттарында жумуш алып барышты. Буга утурлай кызматкерлердин негизги максаты болуп, эң алгач өздөрү кызмат өтөгөн аймактарда кылмыштуулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу ошондой эле жол эрежелерин аныктоодо өзгөчө мас абалда, айдоочулук күбөлүгү жок, алдыңкы терезелерин караңгылатып алган жана ошондой эле мамлекеттик белгиси жок автоунаа башкарган айдоочуларга көңүл бурулуп, профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, деп билдирет Жалал-Абад ОИИБдин ЖКККБнын басма сөз кызматы.

Аталган иш-чарада жол кыймылынын эрежелерин одоно түрдө бузган жалпы 511 айдоочуга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде протоколдор түзүлүп, 79 автоунаа атайын айып короого коюлду. Андан сырткары мас абалында унаа башкарган- 24, алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн-13, мамлекеттик белгиси жок-2, тийиштүү документтери жок унаа башкарган- 45 жана башка жол эрежелери боюнча — 427 айдоочуга тиешелүү чаралар көрүлүп, протоколдор түзүлгөн.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!