Жалал-Абад шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) туризм боюнча министрлер кеңешинин 9-жыйыны өтүп, анда 2025-жылы Жалал-Абад шаары түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыялоо чечими кабыл алынганы белгилүү болду.
Жыйынга Өзбекстан, Азербейжан, Түркия, Венгрия, Казакстан (онлайн) өлкөлөрүнүн туризм боюнча министрлери жана КР президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев катышкан. Бул чечим алдыда түрк тилдүү уюмдар кеңешинде расмий түрдө протокол менен бекитиле турганы белгилүү болду.
Жыйындын негизги максаттарынын бири — туруктуу жана экологиялык туризмге өзгөчө басым жасоо менен туризмди өнүктүрүү боюнча биргелешкен стратегияны иштеп чыгуу. Ошондой эле, эл аралык туристтерди тартуу жана түрк элдеринин маданий мурасын даңазалоо үчүн бирдиктүү туристтик маршруттарды түзүү.