"Эркин-Тоо"

Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда

Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Т.Балтагулов көчөсүндөгү тротуарга чыгып кеткен үйдүн жана дүкөндүн дубалдары буздурулду.

Мындан сырткары, Б.Осмонов жана Жеңи-Жок көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык жерди тосуп алган жарандын курулушу да буздурулуп жатат.