Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору жактырылды.
Документти парламентке Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев тапшырды.
Маалыматка ылайык, бул демилге жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлүп, шаардык кеңеш жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан колдоо тапкан.