Жалал-Абадда өз өмүрүнө кол салган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-октябрь күнү саат 17:15 чамасында Жалал-Абад шаарынын, Кыргыз Республикасы көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырына 1 аял киши чыгып өз өмүрүн кол салууга аракет кылууда деген маалымат келип түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө КР ӨКМнин №58 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, турак үйдүн 4-кабатындагы батирдин эшигин бузуп кирип, жаранды куткарып калышкан.
Куткаруучулар аялды ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Аял киши мас болгондугу аныкталган.