"Эркин-Тоо"

Жалал-Абадда 130га жакын жаранга акысыз жүрөк операциясы жасалат

29-сентябрда Жалал-Абад шаарына Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын 30дан ашуун дарыгерлер бригадасы келди. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар бир жума бою шаарда жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда 15 жаштан жогорку, жүрөк ооруларынан жабыркаган 130га жакын жаранга акысыз операцияларды жасайт.

Мында оорулуулардан эң алгач социалдык абалы оор, мүмкүнчүлүгү чектелген муктаж жарандар тандалып алынат. Бул иш-чара 29-сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнүн алкагында уюштурулган.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!