"Эркин-Тоо"

Жалал-Абадда 133 млн сомго таштанды иргеген завод курулууда

Жалал-Абадда таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод курулууда.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, ишкана былтыр калааны өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен салынып жатат. Тагыраагы, заводго 133 млн сом сарпталат.

Курулуш иштери ушул жылдын июль айында аяктайт деп күтүлүүдө. Анын алкагында шаардан чыккан ар кандай таштандылар өз-өзүнчө иргелип, кайра иштетүүгө даярдалат. Ал эми кайра иштетүүгө даярдалган сырьедон турмуш-тиричилик жана курулуш каражаттарын өндүрүү жолго коюлат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!