"Эркин-Тоо"

Жалал-Абадда 16 млн долларга текстиль ишканасы ачылат

Өзбекстанга сапары менен барган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана өкмөттүк делегациянын мүчөлөрү Фергана, Наманган облустарында жайгашкан Global Textile, Fazman Textile, Art Soft Holdings жана Iftihor Kiyim Sanoat ишканаларына барышты.

Акылбек Жапаров Global Textile фабрикасынын иши менен таанышуу учурунда жеңил өнөр жайы Кыргызстандын экономикасынын өнүгүп жаткан тармактарынын бири экенин белгилеп, тажрыйба алмашууга чакырды.

2018-жылы ишке киргизилген Global Textile ишканасы — Өзбекстандагы жип жана трикотаж кездемелерин чыгаруу менен алектенген алдыңкы текстиль ишканаларынын бири.

Жапаров жеңил өнөр жай ишканалары чыгарган продукциянын сапатын эл аралык сертификациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Мамлекет жана биздин ишкерлер бул жагына басым жасашы керек. Тийиштүү программалык камсыздоо менен жабдылган заманбап сапат боюнча лабораториялар өз продукциясын башка өлкөлөргө экспорттоого ниеттенген бардык ишканалар үчүн милдеттүү иш атрибуту болуп калышы керек», — деди ал.

2023-жылдын башында Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча, Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Анын алкагында Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан Fazman Textile деңгээлине туура келген текстиль ишканасынын курулушуна 16 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүнөт. Ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашат.

Fazman Textile текстиль фабрикасы 2022-жылдын соңунда ачылган, ал жылына1 млн даанага чейин эркектер, аялдар жана балдар үчүн костюмдарды чыгарат. Экспорттун көлөмү жылына 15 млн АКШ долларына бааланат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!