Үстүбүздөгү жылдын 5-август күнү саат 19:44тө Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Учурда зилзаланын кесепеттерин тактоо жана баалоо иштерин жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуу комиссиясынын топтору түзүлүп, жабыркаган аймактардын жеринде иш алып барууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Майлуу-Суу шаарында ӨКМдин облустук жарандык коргонуу комиссиясы үч тайпага бөлүнүп, зилзаладан жабыркаган үйлөрдү жана имараттарды текшерүүдө.
Базар-Коргон районундагы тактоо иштеринин жыйынтыгында Арстанбап-Ата айыл аймагындагы эки турак үйдүн дубалдарынан жаракалар байкалганы маалым болду.
Сузак районунда да комиссиянын өкүлдөрү иштеп жатат. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Кыз-Көл айыл аймагындагы №32 орто мектептин спорт залынын дубалдарына жарака кеткен.
Таш-Көмүр шаарында жана башка райондордо кыйроолор же жабыркаган объекттер катталган жок.

