Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 9 жаранга жалпысынан 1 млн 262 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатынын сертификаттарын тапшырды. Бул тууралуу Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү маалымдады.
Иш-чарага Президенттин өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана камсыздандыруу уюмунун облустагы жетекчилиги катышты. Алар жарандарды коопсуздукка көңүл бурууга чакырышып, камсыздандыруунун мүлктү коргоодогу маанисин белгилешти.
Расмий маалыматка ылайык, быйылкы жылдын 9 айында облус боюнча 76 миң 865 объект камсыздандырылган. Анын ичинен 40 миңден ашыгы турак-жай, 32 миңден көбү автоунаа. Ошол эле мезгилде 161 өрт жана башка кырсык катталып, 36 факты боюнча 6,5 млн сомдон ашык кепилдик төлөмдөр берилген.

