Бүгүн Жалал-Абад шаарынын «Жеңиш» эс алуу багында 1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңынын курмандыктары эскерилди. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Уларбек Исмаилов, жергиликтүү бийлик, Баткен окуясынын ардагерлери жана курман болгон жоокердин жакындары катышты. Каза болгондорго багышталып куран окулуп, орнотулган эстеликке гүл коюлду.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунан Баткен коогалаңына 2 миңден ашуун жоокер тартышкан. Террорчулар менен болгон кагылышууда облусутан барган 17 жоокер баатырларча курман болгон. Дагы 20га жакыны жараат алган. Учурда облуста 870 ардагер жашайт.