"Эркин-Тоо"

Жалал-Абадда чет элдик студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлдөрү чет элдик студенттер менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда милиция кызматкерлери Афганистанда болуп жаткан окуялар, ага байланыштуу социалдык тармактарда тараган туура эмес маалыматтарды жайылтпоого, диний-экстремисттик маанидеги чакырыктарды, тыюу салынган диний агымдардын иш-аракеттерин бөлүшүүдөн алыс болууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактооого чакырышты. Ошондой эле, аларга өлкө аймагында тыюу салынган диний агымдар тууралуу маалыматтар берилди.

     

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!