Жалал- Абад облусунда Чычкан суусуна бир аял сууга агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ пресс-кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында Мраморный тилкесинде болжол менен 1-август саат 18:00дөр чамасында 61 жаштагы аял Чычкан суусуна агып кеткендиги туралуу маалымат түшкөн.
Жерине Токтогул райондук №97 ӨК-КБнөн 5 куткаруучу, жерине жетишип издөө иштери жүргүзгөн, саат 21:20да кеч болуп калгандыгына байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган,
Бүгүн 2-август күнү саат 06:00дө издөө иштерине Токтогул райондук №97 ӨККБнөн 10 куткаруучу, Жаны-Жол айыл аймагынан 10 адам жана туугандарынан 20 адам, жалпы 50 адам тартылды.