"Эркин-Тоо"

Жалал-Абадда «Коопсуз шаар» долбооруна 20 млн сом жумшалат

Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фонду 2024-жылы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 20 млн сом бөлгөн. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” форуму өттү.

Форумда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев 2024-жылга карата “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунан 20 млн сом бөлүнгөнүн, ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан да колдоо көрсөтүлүп жатканын билдирди

Форумдун негизги максаты — Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзам бузуулардын алдын алуу, жарандарды коргоонун деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, мыйзам бузууларга жол берген себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!