Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, К.З.А. аттуу окутуучу окуу акысын төлөө жана семестрлерди “жабуу” деген шылтоо менен жабыр тарткан жарандардан каражат талап кылган деп шектелүүдө.
Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, соңку беш жылдын ичинде шектүүнүн ушундай 50дөн ашык алдамчылык фактысы белгилүү болгон. Учурда иш боюнча иликтөө улантылууда.