Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Кара-Көл» ГЭСин ачты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.
Президент «Кара-Көл» ГЭСи өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө, аймакты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, жумуш орундарын түзүү максатында курулгандыгын айтты. Ошондой эле долбоордун толугу менен ата мекендик “Жагалмай” компаниясы тарабынан ишке ашырылгандыгын, компания 15 жыл иштетип, кийин мамлекеттин менчигине өткөрүп берерин билдирди.
“Биз “Кара-Көл” ГЭСинин мисалында өлкөбүздүн кандай зор жаратылыш ресурстарына ээ экенин дагы бир жолу далилдей алдык.
Мурда “Колдо бар алтындын баркы жок” деген накыл кептегидей, толук кандуу колдонулбай келген мүмкүнчүлүктөр, тагыраак айтканда, тоо аралап агып жаткан сууларыбыз, дарыяларыбыз эми натыйжалуу пайдаланылып, мамлекетибиздин, элибиздин кызыкчылыгы үчүн иштей баштады.
Мына ошондуктан бүгүнкү иш-чараны энергетикалык көз карандысыздыкка карай ташталган ишенимдүү кадам деcек туура болот.
Долбоор толугу менен ата мекендик инвестор – “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан ишке ашырылды.
Макулдашууга ылайык, бул ГЭСти 15 жыл иштетип, андан соң мамлекеттин менчигине, башкача айтканда, 100 пайыз мамлекетке өткөрүп берет. Мамлекеттик саясат ушундай. Бул – мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы ишенимдүү өнөктөштүктүн айкын үлгүсү”, — деди өз сөзүндө Садыр Жапаров.
Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстан 2,5 жылдан кийин кыш мезгилинде электр энергиясын импорттоо токтотуларын белгилеп, мындай деди:
“Кудай буюрса, 2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергияны импорт кылбай калабыз. Өзүбүздө өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө жетет.
Азыр ушул тапта кышкысын дагы деле импорт алып жатабыз.
Көптөгөн чакан жана орто ГЭСтер салынып ишке берилип жатканы менен завод-фабрикалар, ипотекалык үйлөр, мектеп, бала-бакчалар жана башка көптөгөн обьектилер салынып, алар да көп кубаттагы электр энергияны колдонгонуна байланыштуу электр энергиясынын дефицитин кууп жете албай жатабыз.
Жогоруда айтып өткөнүмдөй, Кудай буюрса 2,5 жылда кышкы дефицитти жоёбуз. Ошондуктан кышкысын свет өчүп жатат деп нааразы болбой 30 жыл чыдаган жаныбыз 2,5 жыл чыдап коёлу.”
Президент өлкөдө 40ка жакын чакан жана орто ГЭСтер курулуп жатканын айтып, бул долбоорлордун ишке ашуусу менен Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгы бекемделерин белгиледи.

