Жалал-Абад облусунда жыландын уусунун ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча күчтүү уулуу заттын «Gurza – vipera Leberetna turaniga» ири партиясын сатуу аракети токтотулду.
Ала-Бука районунунда аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 г) сатып жаткан жеринен 1 чет мамлекеттин жараны жана 3 Кыргызстандын жараны кармалды.
Күчтүү жыландын уусунун партиясы коңшу мамлекеттердин биринен КР аймагына мыйзамсыз алынып келингендиги аныкталган. Кармалган зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык дарыларды өндүрүүдө колдонулат. 1 грамм гюрза уусунун баасы көмүскө базарларда 300дөн 600 долларына чейин бааланат.
Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.