"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Жалал-Абаддагы базардан өрт чыкты (видео)

ӨКМ 19-июнда Жалал-Абад шаарындагы Береке базарынан өрт чыккандыгын кабарлады.

Өрттү өчүрүү иштери саат 09:15те Жалал-Абад шаардык №20 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүмдүн келиши менен башталды. Андан кийин саат 09:28де дагы 2 бөлүм кошулуп, жалпысынан 4 бөлүм өрттү өчүрүүгө катышууда.

«Мындан сырткары, тез жардам кызматынын 1 бригадасы жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери да окуя болгон жерге чакырылды. Кошумча маалымат берилет», – деп билдирди ӨКМ.
Видео: ӨКМдин маалымат кызматы