"Эркин-Тоо"

Жалал-Абаддагы имамдарга “Билимдүү имам” аттуу эки күндүк окуу семинары башталды

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган КР Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын, КМДБ тарабынан кабыл алынган иш пландын алкагында Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак, Тогуз-Торо райондорундагы  жалпы  мечит  имамдарынын билим деңгелин жогорулатуу максатында Ханафий  мазхабы жана Матурудий акыйдасы боюнча “Билимдүү имам”  аттуу эки күндүк окуу  семинары башталды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Дин кызматкерлери мазхаб,  Матуридий акыйдасы, Ханафий мазхабы, соода-сатык эрежелери, адал сертификат,  нике, талак маселеси, зекеттин өлчөмү, шарияттагы маркумду жерге берүү эрежеси, ысырапкерчилик темалары боюнча бекитилген графиктин алкагында сабактар башталды.

“Муфтияттын түзүмүндөгү бардык дин кызматкерлеринин билим деңгээлдери жогорулатылмакчы. Муну менен катар ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча  түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 2021-2026 жылдарга карата жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын багыттары тааныштырылууда. Максатыбыз имамдарыбыздын билимин жогорулатуу жана калкыбыз менен тыгыз иш алып баруу”,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Окуу семинары 3-4-сентябрда Базар-Коргон, Ноокен району, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаары болсо, 5-6-сентябрда Ала-Бука, Аксы, Чаткал районунда өтөт. Ал эми 7-8-сентябрда Токтогул районунда жана Кара-Көл шаарында өтүп, квалификациясын жогорулаткан имамдарга атайын сертификат берилмекчи.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!