"Эркин-Тоо"

Жалал-Абаддагы түрмө Базар-Коргонго которулду

Жалал-Абад шаарынын ичиндеги №10 жаза өтөө колониясы Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагына жайгаштырылды.

Абактын жанына Жаза аткаруу кызматына караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын кайтаруу батальонунун аскер шаарчасы да курулган. Шаарчанын ачылышы бүгүн,  29-ноябрда өттү.

Жаза өтөө мекемесинин жаңы имараты 1250 орунга эсептелген. Анын ичинде жалпы режимдеги соттолгондор үчүн 1000 орун жана күчөтүлгөн режимде жазасын өтөөгө өкүм кылынгандар үчүн 250 орун бар.

Мындан тышкары, жаза өтөө мекемесинин алдында күнүнө 40 миң даана кирпич чыгаруучу завод иштей баштаган. Мекеме жетекчилигинин маалыматында, бул заводдо 50-70 адам иш менен камсыз болушат. Тигүү, темир устачылык, нан бышыруучу жана башка цехтер да ачылган. Бул өндүрүштө учурда 130дан ашуун соттолгон адам иштей баштаган.

Жалал-Абад шаарындагы №10 түзөтүү мекемесинин имаратын жана кайтаруучу департаментинин №5 батальонунун имаратын сүрдүрүү иштери былтыр башталган. Бузулган имараттар ордуна шаардыктар үчүн гүлбак (сквер) курулары кабарланган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!