УУМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Москва районунда жер бөлүштүрүү боюнча коррупциялык кылмыштар фактысы туралуу КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абад шаардык филиалынын директору Р.Э.И. кармалды.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, аталган жаран Чүй облусунун Москва районундагы жер ресурстары кызматынын филиалынын директорлук кызматын ээлеп турган учурда «жер мафиясынын» мүчөлөрү менен келишип, акчалай сыйлык алуу үчүн трансформациянын расмий жол-жобосунан өтпөгөн турак жай куруу үчүн жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларга кол койгону жана бергени аныкталган.
Мындан тышкары, жер операцияларына катышуу жөнүндө маалыматы жок тараптарга жер тилкелерин жалган тариздөөдө (кайра тариздөө) фактылары аныкталган.
11-мартта Р.Э.И. аттуу жаран КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.