"Эркин-Тоо"

Жалган маалыматтан коргоо мыйзамын өзгөртүү сунушу колдоо тапты

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын мыйзамы катары белгилүү болгон «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү сунушун колдоду.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Жанар Акаев Конституциянын 10-беренесине ылайык, Кыргызстанда цензурага жол берилбей турганын, жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана мыйзам чегинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканын белгиледи.

Мыйзам долбоорун депутаттар — Адахан Мадумаров, Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Сейит Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков иштеп чыккан.

Депутаттар Маданият министрлиги маалымат каражаттарын эскертүүсүз жаап салган учурду алып салуу боюнча норманы биринчи окууда жактырды.

Экс-депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеген «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору 2021-жылдын 23-августунда кабыл алынган.

Аталган мыйзам «Маалыматтарды манипуляциялоо жөнүндө» деген ат менен 2020-жылы парламентте колдооп таап, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Бирок коомчулук каршылык билдиргенден кийин президент толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган.

Анын максаты, социалдык тармактарда фейк маалыматтардан жарандарды коргоо деп түшүндүрүлгөн. Бирок медиа-эксперттер бул мыйзам сөз эркиндигин ооздуктоого курал болушу мүмкүн деп эскерткен.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!