"Эркин-Тоо"

Жалпы салмагы 200 килограмм болгон сымапты мыйзамсыз сатуу каналы токтотулду

Жалпы салмагы 200 килограмм болгон сымапты мыйзамсыз сатуу каналы токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 24-сентябрында жалпы салмагы 200 килограмм металл сымапты 1 килограмм 100 АКШ долларынан мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан жеринен 1965-жылы туулган Б.Ж.К., 1981-жылы туулган А.М.У. жана 1995-жылы туулган А.у.Б. аттуу КР жарандары кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен А.М.У. жана А.у.Б. аттуу жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда өтө эффективдүү уулуу затты уурдоо, ташуу жана сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!