"Эркин-Тоо"

Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды

 Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, буга чейин мамлекет башчысы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору кызуу талкууланган маселелердин бири болгон.

«Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп, аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен бул мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды», — деп билдирди Алагөзов.