"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн мамлекет башчылары келишти

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн кечээ, 26-ноябрда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргызстанга келди. Алардын баарын «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто сыйлуу коноктор үчүн килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди жана кыскача концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы бүгүн, 27-ноябрда Бишкекте өтөт.