"Эркин-Тоо"

Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды

Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев 13-майда кол койду.

Жамалбек Ырсалиев буга чейин «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын жетекчиси болуп иштеген.

Ал Максатбек Сазыкуловдун ордуна келди. Сазыкулов Бишкектин Транспорт жана курулуш маселелери боюнча вице-мэр кызматынан бошотулду.

УКМК апрель айында Сазыкуловду мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди колдонууга айыптаган. Соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!