Ушул жылдын февраль айында, кезектеги эмгек өргүүгө чыгып, туулуп өскөн жериме барып, эл-жерге зыярат кылып, Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын Болуш Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестринин дирижеру, маданияттын мыктысы Ташматов Куштарбек иниме жолугуп, бейиши болгур агам – КР эл артисти, дирижер Матиев Саидрахман Сарбаевичти эскерип, филармониядагы ал иштеген бөлмөлөрдү аралап, колдонгон музыкалык аспаптарын көрүп, кызуу сөзгө кирип, өткөн мезгилдин жагымдуу көз ирмемдерин артка бир кайрып алдык.
Эргий-эргий сөз кыраатына түшүп, Куштар иним Саидрахман аке менен бирге басып өткөн жолун эстеп:
– Мен агайды 2002-жылы мектепти аяктап, Оштогу Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып келгенде эң алгач көргөм. Анда агай Болуш Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестринин дирижёру болчу. Бир күнү филармонияда аталган топ концерт коюшкан. Ошондо биринчи жолу оркестр эмне экенин билип, кызыгуум пайда болгон. Ушул кызыгуумду байкап, ошол күндөн тарта өз билгенин мага үйрөтүп, өзүнө шакирт кылып алган. Менин таланттарымдын бүрүн ачып, гүлдөшүнө себепчи болгон устатыма ыраазы болуп, ичимден сызып жүрөм.
Агайымдын иш билгилиги, өзгөчө шайыр мүнөздүү сапаттары бар эле. Куудулдук таланты менен оркестрди шаңга бөлөгөндө убакыттын кантип өткөнүн билбей калчубуз. Агай менен иштешүү, сүйлөшүү биз үчүн өтө кызыктуу болчу. Ал убакта оркестрдин курамы баары күлүшсө, азыр баары ыйлап эскерип отурат.
Бир сырдуу, көп кырдуу адам болчу. Бир калыпта жүрбөй ар мүнөзгө ээ эле. Урушканда урушуп, тилдегенде тилдеп, бирок, көңүл жубатчу жерде кубандырып койчу. Жетекчилик мүнөзү өтө жакшы калыптанган. Коллективде өзүнүн тактыгын, мыктылыгын көрсөтүп, ар бир адамдын өз деңгээлине ылайык мамиле кылар эле. Дагы бир өзгөчөлүгү эч качан бир көйгөйдүн артынан чуркабай, ар бир нерсени өз орду менен аткарып, ар дайым айланасына шаң тараткан киши болчу. Жеке жашоосу бир топ катаал тагдыр менен коштолгонуна карабастан, аны өзүнчө жеңип, мамлекеттик жумушту өз нугунда ийгиликтүү аркалады. Өткөнгө өкүнбөй, келечекке шашпай, бирок, учурунда жашап калды десем болот.
Музыка дүйнөсүндө – обончу, композитор, дирижёр, адабиятта – акын, жазуучу анан башка да көптөгөн талант ээси катарында өзүнүн таасирдүү изин калтырып, бир канча китептердин, обондордун автору болду. Өзгөчө партитураларды өтө мыкты жазчу. 2007-жылы «Соң-Көл баяны», 2013-жылы «Кылым карыткан кыргыз күүлөрү» деген ичине ырларды жана күүлөрдү камтыган партитуралык китеби жарык көрүп, музыкалык мектептерге, орто жана жогорку окуу жайларына Маданият министрлигинин сунушу менен окуу куралы катары таркатылды. 2013-жылы «Таберик» поэзия жыйнагы, «Күз кайрыктары» обондор жыйнагы жарык көрүп, Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Устатымын жардамында мен көптөгөн ийгиликтердин эшигин ачып калдым.
Бул дүйнө өтөр-кетер. Эч кимибиз дүйнөгө түркүк болуп кала албайбыз. Бирок, Саидрахман агай өңдүү инсандарды түбөлүк өлтүрбөй жашатып койсо да аздык кылмак. Себеби, агайдай болуп туура жолдо туура жашап, ак эмгегин элге арнап, көптүн көзүнө беделдүү инсан катары таанылуу – көпчүлүктүн колунан келе бербейт.
Саидрахман агай Бишкекке барганда жакын достору Керим Турапов, Бакыт Тилегенов баш болгон Кыргыз маданиятынын дөө-шаалары тосуп алып, кетиргиси келбей сыйлап жүрүп узатканына көп эле күбө болдум. Ошко келген досторун коноктогондо да көп чогуу тосушуп калдым. Устатым куудул болчу дебедимби. Күлкүлүү окуяларынан айтып берейин. Бир жолу агай мени чакырып:
– Куштар, эртең Керим (Турапов) келет, эч ким жок жерден бир чайкана таап, 1 кило палоо дайындат. Эл жок жер болсун. Ал сурагандарга, “Кыргызстанда эмесмин” деп коюптур. Тааныштары көрүп калса уят деп атат, – деди. Мен издеп жүрүп чет жактан бир чайкана таап, агайдын тапшырмасын аткардым. Керим акеге дарегибизди айтып коюп, агай экөөбүз күтүп отурсак, ошол чайкананын чет жагында жалгыз бир чарпаяда бизге бейтааныш эки аял отурган. Бир кезде Керим акенин карааны көрүнүп калды. Биз туруп утурлай баскыча эле жанагы четки чарпаяда отурган эки аял Керим акени кармап алып, көпкө кетирбей бир нерселерди сүйлөшүп, анан сүрөткө түшүп калышты. Алардан араң бошонгон Керим аке бизге келип:
– Уят болдум да, так ушул кыздар телефон чалып сураганынан «Казакстандамын» деп койдум эле. Азыр келсем алдыман тосуп чыкпадыбы… – деп башын чайкап, ыңгайсыз абалда жер карап турса, анда Саидрахман агай жылмайып туруп:
– Керим, сен да кызыксың, “тормозуң” кармап калды да, ээ? Мелтиреп көздөрүнө тигиле карап, «аа, кандайсыңар, силер дагы Казакстанга келдиңер беле, жүргүлө чогуу сүрөткө түшүп коёлу» деп тура бербейт белең… – десе Керим аке жанагы ыңгайсыз абалынан кантип чыгып кеткенин өзү байкабай, баарыбыз каткырып күлгөнбүз.
Билсеңиз керек, Саидрахман агай эстелик көрсө эле жабышып, сүрөткө түшүп калмай адаты бар эмес беле. Ош шаарында Курманжан датка энебиздин ат минип турган эстелиги бар го. Бир күнү ошол эстеликке чыгып, Курманжан датка энебиздин атына учкашып алыптыр. Ошол учурда күтүүсүз эки милиция келип калып:
– Ээ, байке, ушул кылганыңыз жакшыбы, түшүңүз!.. – деп өктөм сүйлөй баштаса, анда Саидрахман агай:
– Эне, булардын ою жакшы эмес! Аттын башын буруңуз! Кеттик Алайга! Болуңуз эне! Атты камчылаңыз эне!.. – деп датка энебизди бекем кучактап алып, аттан түшпөй, теминип-теминип койсо милициялар жыгылганча күлүп:
– Болду байке, биз эч нерсе кылбайбыз, түшүңүз, – деп өздөрү буту-колунан жөлөп-таяп эстеликтен жерге түшүрүп, жыгылганча күлгөн эле, – деп окуя азыр болуп жаткандай сүрөттөсө, биз да элестетип алып көпкө күлдүк.
Саидрахман акенин өмүр-чыгармачылыгы өзүнчө айтып бүткүс дастан. Анын өз элине калтырган ак эмгеги, руханий асыл мурасы опол тоодой. Улууларды эскерип, эмгегин элге жеткирүү кийинки муундун – биздин милдетибиз. Ал жетимиш өнөрдү бирдей алып жүргөн кыргыз элинин таланттуу уулу. Артында калган уул-кыздарынын, бир туугандарынын, дос-жолдошторунун, шакирттеринин, окуучуларынын сыймыгы, жүрөгүнөн орун алган жакын адамы. Эгер көзү тирүү болгондо бүгүн 11-апрелде, Саидрахман аке 66 жашка толмок.
“…Арыстанга күчү тең,
Акылына иши тең,
Мыктылыгы – түркүктөй,
Алгырлыгы – бүркүттөй,
Жүрөгүндө өртү бар,
Жан теңелгис эрки бар –
Жигитте жүрөт бул
Ажал…” деп Улуу апыз бекер жерден айтпаган беле?! Күн тийген тоодой жаркыган кайран агам мындан 6 жыл мурда, 60 жашка толгон жигит курагында дүйнө оошуп кете берди. Жакындарына сабыр, өзүнө Кудай бейишинен жай берсин!..
Бахпурбек Аленов