"Эркин-Тоо"
Гезиттер Жаңылыктар

Жаныбек СҮЙҮНБЕКОВ, сүрөтчү: «СҮРӨТ — ЖҮРӨКТҮН ТИЛИ»

Маектешим Жаныбек Сүйүнбеков дүйнөнүн импрессионист сүрөтчүлөрүн жактырып, көбүнчө Клод Моне, Винсент ван Гог, Илья Ефимович Репин, Эдувард Мане, Фешиндин чыгармаларынан шыктанат. Дүйнөнүн бир канча өлкөлөрүндө болуп, тажрыйба топтоп, жараткан ийгиликтери үчүн бир нече грамота, сыйлыктар менен сыйланган. Сүрөт тартууда май боёкту колдонот. Үч жолу жеке сүрөт көргөзмөсүн өткөрүп, анда тарткан эмгектери элге тартууланган.

“Чет мамлекетке чыгуу сүрөтчүлөр үчүн маанилүү. Барган жериңдин эли, тарыхы, маданияты менен таанышып, сүрөтчүлөр менен тажрыйба алмашуу эмне деген табылга. Мен ошондой максаттарды көздөп барган өлкөлөр Россия, Кытай, Түркия, Украина, Грузия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Беларусь, Молдавия жана башка өлкөлөр. Ар биринен өзүнчө өзгөчө тажрыйба алдым” – дейт ал.

— Жаныбек мырза, алгач өзүңүз туурасында айтып берсеңиз, сүрөтчүлүк кесибиңизби же хоббиңизби?

— Өзүм Таластын Акбашат айылында жарык дүйнөгө келгем. Учурда кыргыз сүрөтчүлөр союзунун мүчөсүмүн. Үч баланын атасымын. Бул улуу өнөргө али мектеп босогосун аттай элекке чейин кызыгып келгем. Кийин ал кесипке айланды. Сүрөтчүлүктөн башка деле өнөрлөрүм бар, бирок алар деле ошол эле сүрөткө байланган өнөрлөр. Мисалы, чийме чийип, дизайн тартып, жыгач жана темир устачылык сыяктуу өнөрлөр менен алектенем. Сүрөтчү болбосом, ким болмокмун, элестете дагы албайм. Бул тармакка менин келип калганымдын себеби, атам сүрөттү жакшы тарткан уста. Апам дагы оймо чийип кийиз шырдак шырыган өнөрлүү айым. Үйдө 8 бир туугандын кенжесимин. Агаларымдын бардыгы сүрөт тартышат. Алардын ичинен Урмат агам сүрөт академиясын аяктап, сүрөтчү-дизайнер адиси. “Аганы көрүп, ини өсөт” дегендей, агамдын жолун жолдоп, мен дагы бул тармакта билим алып, сүрөтчүлүктү аркалап кеттим.

— Кайсы багыттагы, кандай жанрдагы сүрөттөрдү тартасыз жана жакшы сүрөттүн адамга таасири канчалык?

— Сүрөт — мен үчүн жан дүйнөмдү чагылдыруу жана ошондой эле табият менен байланышуу. Мен пейзаж жана натюрморт жанрларын тандап, ушул багытта иштеп жүрөм. “Жакшы картина сөз айтпайт, бирок ал жүрөккө сүйлөйт” дегендей, адамдын жан дүйнөсүн козгогон сүрөттөр кээде миңдеген сөздөн күчтүүрөк болот. Ошондуктан, сүрөт жүрөктүн тили деп түшүнөм. Жакшы тартылган сүрөт адамга терең жана ар тараптуу таасир берет. Ал адамды жашоо, табият же жан дүйнө жөнүндө ой толгоого түртөт. Бул адамдын аң сезимин тереңдетет. Ошондой эле адамдын эстетикалык сезимин өстүрөт, сулуулукту, кооздукту көрө билүүгө, аны байкоого үйрөтөт. Мен кыргыз сүрөтчүлөрүнөн Гапар Айтиев менен Сүймөнкул Чокморовду баалайм.

— Сүрөтчүлүк менен байыса болобу, дегеле бүгүнкү күндө сүрөтчүлөрдүн жашоосу кандай?

— Жараткан эмгектерибизди сатабыз жана ошондой эле буйрутма дагы алып тартабыз. Кымбатчылык болуп жашоо оор дегенибиз менен ошого жараша элдин тапканы дагы салыштырмалуу алда канча жогору. Анын үстүнө сүрөттөрүбүздү көбүнчө чет элге сатабыз. Менин байкоомдо учурда сүрөтчүлөрдүн жашоосу жакшы. Себеби, азыр сатуу оңой болуп калды. Интернет, социалдык тармактар аркылуу кайсы өлкөгө болбосун эмгектериңди сата аласың.

— Сүрөтчүлөр көп сүйлөбөй, түнт келишет дешет?..

— Ооба, бул алардын көп ойлонуп өзүлөрүнүн чыгармачылыктары менен жеке бетме-бет калгандыгынан болсо керек. Жеке мен ачыкмын. Адамдар менен тез тил табышкан, оюмду тартынбай түз айта билген, тамашакөй адамдардын катарын толуктайм. Анткен менен менде деле көңүлгө туура келбеген адамдар менен сүйлөшө албаган жайым бар.

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА