Өзгөн районунда өткөн аламан улактан кийин аймакта таштандылардын көп топтолгону аныкталды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, Экотехкөзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Тактап айтканда, Өзгөн районунун Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл өкмөттөрүнө калдыктарды тазалоо иш-чараларын уюштуруу боюнча расмий каттар жөнөтүлдү.
Ошондой эле, аламан улакты уюштуруучулардын бири Жаныш Ниязовго Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115/1-беренесинин негизинде 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Учурда уюштуруучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар аймакты таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

