Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында 2024-жылдын 25-майында Азербайжан Жазуучулар Союзунун «Натаван» клубунда Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин «Жанжаза» романынын “Dəlixana” деген аталыштагы котормосунун бет ачар аземи азербайжан тилинде болуп өттү. Иш-чарага азербайжандын белгилүү инсандары, адабият жана искусство өкүлдөрү, журналисттер, романдын автору Султан Раев өзү да катышты.
Презентациянын ачылышында сүйлөп жатып, Азербайжан Жазуучулар союзунун төрагасы, Азербайжан эл жазуучусу Анар Рзаев өзү жетектеген адабий борбордо Султан Раевдин Азербайжангы келгендигин кубануу менен кабыл алганын билдирди. «Dəlixana” Султан Раевдин азербайжан тилине биринчи жолу которулуп, жарык көрүп, окурман журтуна сунушталып жаткан чыгармасы экенин, түрк дүйнөсүнүн белгилүү жазуучусу Султан Раев Азербайжан окурмандарынын сүйүктүү жазуучусуна айланарына терең ишенерин баса белгилеп өттү.
Бүткүл дүйнөлүк “World Organization of Writers – WOW” жазуучулардын уюмунун вице – президенти, адабий Фонддун башкы директору Варис Юлчуев Султан Раевдин бул романы сыйкырдуу реализм жанрынын эң маанилүү үлгүлөрүнүн бири экенин, ал дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, китеп болуп басылып чыгып, көптөгөн окурмандардын көңүлүн өзүнө бурганын айтып өттү. Азербайжан тилине которулуп китеп болуп басылып чыгышы түп нускага жакын экендигин кубануу менен белгиледи. Варис Юлчуев романдын негизги өзөктүк маанисине токтолуп: дүйнөдө эч нерсе көз жаздымда калбайт, жашоо – бумеранг, бардык жамандык өз башыңа кайтып келери баяндалган чыгармада, – деп сөзүн жыйынтыктады.
«Хадаф»басмаканасынын Башкы директору Ш. Садик «Dəlixana” романдын котормочусу Айсель Огуз, редакторлору Юнус Огуз жана Жавид Гадир экенин маалымдады. Ш. Садик романда жүздөгөн жылдар мурда каза болгон тарыхый инсандардын жанын алып жүргөн роман каармандары менен болгон окуя сүрөттөлгөнүн айтып, алар өздөрү жасаган күнөөлөрү үчүн да, башка бирөөлөрдун рухун көтөрүп жүргөнү үчүн да жазага тартылышат. Адам баласынын жаны да, жасаган күнөөсүнө жараша тарткан азабы да түбөлүктүү. Дене бул дүйнөнү таштап кетсе дагы, жан башка денелерде жазасын уланта берет, – деген пикирин билдирди.
Милли Межлистин депутаты, академик Низами Жафаров дүйнөлүк адабият менен маданиятты өнүктүрүү үчүн ушундай чыгармаларды которуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Академик Низами Жафаров, Султан Раевдин “Жанжаза” романынын азербайжан тилине которулгандыгы зор мааниге ээ экенин, мындан башка чыгармаларын да которуу зарылдыгын баса белгиледи.
«Dəlixana” басылмасынын редактору болгон тарыхый романдардын автору Юнус Огуз котормо жана редакциялоо процессинин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып, китеп окурмандар тарабынан оң бааланарына ишенимин билдирди.
Белгилүү кинорежиссер, Азербайжандын эл артисти Вагиф Мустафаев Султан Раевдин «Топон» романын окуганын айтып, акыркы жылдары окуган мыкты романдардын бири деп атап, «Топон» да бийик прозалык үлгү экенине ишенерин айтып өттү.
Азербайжан мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, искусствого эмгек сиңирген ишмер, профессор Джейрен Махмудова авторду жана долбоордун бардык катышуучуларын чын ыкласынан куттуктады. Ректор мындай чыгармаларды которуу театр искусствосу жана кинематография боюнча билим алып жаткан студенттер үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.
Философия илимдеринин доктору Шараф Жалилли Түрк дүйнөсүнүн адабиятынын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, Улуу жазуучуларга урмат – сый менен кайрылып, Султан Раевди ушул адабий процесстин жолдоочусу деп эсептерин билдирди.
Азербайжан Жазуучулар союзунун катчысы Элчин Гусейнбейли, Милли Межлистин маданият комитетинин эксперти, акын Акбар Гошал, Сумгайыт поэзия үйүнүн директору, акын Ибрагим Ильясли, китептин редактору Жавид Гадир жана башкалар Султан Раевдин чыгармачылыгы тууралуу баяндама жасашып, Азербайжан тилиндеги «Жанжаза» – “Dəlixana” романынын которулуп чыгышы менен куттукташты.
Презентацияда кыргыз эл жазуучусу Султан Раев анын чыгармасы Азербайжанда биринчи жолу басылып чыккандыгына ыраазычылык билдирди. Белгилей кетчүү жагдай, Султан Раевдин «Жанжаза» романы буга чейин Анкарада, Лондондо, Будапештте, Астанада которулуп, жарык көргөн. Соңунда Султан Раев катышуучулардын колундагы китептерине кол тамга жазып калтыруу менен иш – чара жыйынтыкталды.
Бахпурбек АЛЕНОВ
№43 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 7-июну