"Эркин-Тоо"
Иш кычаган маалда Эркин Тоо гезити

Жапарбек Ормонов: «Ташиевдин тапшырмалары так аткарылууда»

Ушу тапта өлкөбүздүн туристтик аймагынын “көзүрү” эсептелген Ысык-Көл районунда эс алуу мезгили күч алган маалы. Жүз миңдеген, миллиондогон эс алуучуларды бир убакта кучагына батырган райондун башчысы Жапарбек Ормонов менен дал ушундай иш кызыган маалда баарлаштык. Күнү-түнү эл кызматында чапкылап жүргөн район жетекчиси бир катар актуалдуу соболдорубузга жооп узатты. 

— Жапарбек мырза, курорттук аймак эс алуучуларды кандай даярдыкта кабыл алууда? Биздин байкашыбызча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдөгү жергиликтүү бийлик башчыларын камчылоосунан кийин “селт этип”, аймактагы жетекчилердин бардыгы “уйкусуроодон” ойгондуңуздар окшойт, ээ?..

— Келген туристтер Ысык-Көл району жөнүндө жакшы ой-пикирлерин бир гана табигаттын өзгөчөлүгү, кооздугу боюнча гана калтырбастан, түзүлгөн ыңгайлуу шарттары, тейлөөнүн сапаты боюнча пикирлерин калтыруусу жаатында буга чейин дагы алгылыктуу иштерди алып барууга аракеттенип келгенбиз. Белгилей кетсем, биздин иштердин алкагында ички жана негизги жолдор реконструкцияланып, таза суу системалары оңдолуп, пляждар жана көл жээкте вело жолдору менен аллеялар курулууда. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин өткөргөн жыйынында коюлган талаптар жана тапшырмалар негиздүү болуп, сиз айткандай бардыгыбызды “силкинтип”, алдыда дагы бир топ иштерди аткарууга милдеттендирди. Ал эми алыс-жакындан келишкен эс алуучуларды кабыл алууга даярдык бизде былтыркы жылы күз айларынан башталган. Эс алуу мезгилине карата эртелеп камынбасак, маселе өтө көп. Анткени, Ысык-Көлдүн акваториясына байланышкан мыйзамдарга көп өзгөртүүлөр киргизилип, жыл сайын талаптар күчөтүлүп келүүдө. Андан сырткары, райондун туризм тармагын өнүктүрүү, ошол эле учурда жаратылышын коргоо, экологиялык коопсуздукту сактоо максатында Өлкө Башчыбыз Садыр Нургожоевичтин бир катар Жарлыктары кабыл алынган. Кабыл алынган Жарлыктар өлкөбүздүн туристтик потенциалын дагы бир нече даражага көтөрүп, туризмдин өнүгүшүнө жол ачканы айдан ачык көрүнүп турат. Ал Жарлыктарды аткарууга алуунун жыйынтыгында Ысык-Көл району жаратылышынын өзгөчүлүгү менен биосфералык аймак катары айырмаланып, келечекте ички жана тышкы туристтер мындан дагы массалык түрдө келе  турган Борбор Азиядагы бирден-бир аймактарынын бири болооруна шек жок.

— Өткөн жылы Министрлер Кабинетинин атайын токтому менен алдыдагы ноябрь айынан тарта айыл чарбасын каттоо өнөктүгүн уюштуруу жарыяланган. Бул милдетти аркалоо жергиликтүү жетекчилерге катуу милдеттендирилген. Бул багыттагы иштерди аркалоого кириштиңиздерби?

— КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартында №122 “2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү” токтомунун негизинде Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 24-апрелинде №98-т “2025-жылы Ысык-Көл районунда айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” тескеме кабыл алганбыз. Тескеменин негизинде райондук комиссиянын курамы бекитилип, иш-чаралардын календарлык планы иштелип чыккан. Иш-чаралар планынын графигине ылайык, үстүбүздөгү жылдын август айында каттоо бөлүмдөрүнүн координаторлору жана сентябрь айында инструктор-контролерлор, каттоочулар окутулат. Окутуудан кийин алар жумуш милдеттерине ылайык иштей башташат.

— МинКаб Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин жыйынынан жыйынтык чыгарып, райондогу кандай маселелерди чечтирип калдыңыздар? Же генерал-полковниктин алдына көйгөйлүү маселелерди айтууга батынбадыңыздарбы?

— Райондун аймагы туризмдин чордону болгондуктан эс алуу жайлары эң көп жайгашкан аймак болуп саналат. Ошого карабастан эс алуу жайларынын менчик ээлери эс алуу жайынын ички аймагына гана көңүл буруп, сырттан келген жол, тротуар, жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери каралбай калган. Камчыбек Кыдыршаевич районубузга келгенде эс алуу жайларына катуу эскертүү берип, аларга айлана-чөйрөнү, жолдорду, тротуарларды курууну, жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштерин алып барууну тапшырды. Аталган маселе көп жылдардан бери көйгөй болуп, курорттук жолдорубуз оңдолбой келген. Камчыбек Кыдыршаевич тапшырма бергенден бери эс алуу жайларына баруучу курорттук жолдор жана тротуарларды салуу иштери башталды. Район аймагындагы дагы бир чоң маселе буюрса чечилип, асфальт жол жана тротуар куруу иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана эс алуу жайлары менен биргеликте жүргүзүлүп жатат.

— Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары УКТнын “уюгушкан ордосу” катары белгилүү эле. Криматалык К.Көлбаевдин жок кылынышы менен аймактагы УКТнын майда-барат “чабактары” “көнгөн ишин” улантышып, сырттан келгендер менен эс алуу жай ээлерине үстөмөндүк кылышкан жокпу?

— Өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип, тоскоолдук кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон. Мурун Чолпон-Ата шаары уюшкан кылмыштуу топ байырлаган аймак катары таанылып, алар ээн-эркин өз саясатын жүргүзүүгө аракеттенип келишкен. Тиешелүү укук коргоо органдарынын чечкиндүү кадамдары менен бүгүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү түп-тамыры менен жок кылынды. Учурда коомдук-саясий абал туруктуу, эч кандай уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жок экендигин белгилейм. Мындай чечкиндүү кадамдардын жыйынтыгында өзүңүздөр байкагандай чакан, орто жана чоң ишкерлик менен алектенген ишкерлерибиздин тоскоолдуктары жоюлуп, өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүнө алып келүүдө.

— Камчыбек Ташиевдин Ысык-Көл районундагы соңку жыйынынан соң райондогу кадрдык жүрүштөрдү баштайын деп турасызбы?..

— Албетте, кадрдык өзгөртүүлөр болду. Шайыбек-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы өз каалоосу менен жумуштан кетти. Учурда ал жакка муниципалдык резервден талапкерлерди карап жатабыз. Андан сырткары, Чолпон-Ата шаарынын мэри жана Ж.Абдрахманов айыл өкмөтүнүн башчысы жаңы дайындалды. Ошондой эле дагы да кадрдык өзгөртүүлөрдү карап жатабыз.

— Өлкөдө жогорку бийлик тарабынан 2025–2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасында атайын стратегиялык чаралардын комплекси каралган. Бул жаатта кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?

— Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы №134 “2025–2030-жылдарга  Кыргыз  Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде Ысык-Көл районунун 2025–2030-жылдар мезгилинде адистештирүүгө ылайык социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн аймактык программасы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы иштелип чыккан. Өзүңүздөргө маалым болгондой, Ысык-Көл району республикабыздын көрүнүктүү аймактарынын бири. Өзүнүн экосистемасы менен таанымал, өзгөчө деп эсептелүүгө укуктуу. Андыктан, анын табиятына аяр мамиле кылуу ар бирибиздин милдетибиз. Дегеле Ысык-Көлдүн экологиясын сактап калуу, инфраструктурасын жакшыртуу жаатында иш-чараларга басымдуу көңүл бурулуп жатат. Учурда КР Президентинин 2025-жылдын 5-майындагы ПЖ №178 “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы чыгып, программаларыбызды ага ылайык келтирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Калыгул Бейшекеев