"Эркин-Тоо"

Жапаров: 1-августтан тартып эмгек акы жогорулатылат

2022-жылдын 1-августунан тарта мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүнө байланыштуу бардык тармактарда эмгек акы көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыл башында үч кесиптин ээлеринин айлыгы байкаларлык түрдө жогорулаган, башкача айтканда, алар: дарыгерлер, мугалимдер жана маданият кызматкерлери.

«Ошондой эле 1-августтан тарта башка кесиптердин айлыктары да байкаларлык түрдө жогорулайт деп ишенебиз», — деди ал.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!