"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Жапонияда өтүп жаткан сурдлимпиадада кыргыз спортчусу коло медаль алды

Кыргызстандык спортчу Байсалбек Орозали уулу XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарында сурдо-дзюдо боюнча коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Кыргызстандык спортчу алгачкы эки беттешти ийгиликтүү жыйынтыктады. Биринчи айлампада Венесуэла өкүлүн, экинчи айлампада жапон балбанын жеңди. Бирок жарым финалда Бразилиянын спортчусунан утулуп калды.
Коло медаль үчүн болгон таймашта Байсалбек ирандык балбанды таза “иппон” ыкмасы менен жеңип, 3-орунду багындырды.
Белгилей кетсек, XXV Жайкы сурдлимпиада оюндары Жапониянын Токио шаарында өтүп жатат.