Жапониянын Осака шаарында өтүп жаткан «Экспо-2025» көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын павильону инновациялык технологияларды жана бай улуттук салттарды айкалыштыруу менен чыныгы сенсация жаратты.
Конокторду Жогорку технологиялар паркынан билдиришкендей, анда өнөктөш — The Cramer Project тарабынан түзүлгөн AkylAI акылдуу колонкасы негизги кызыгууну жаратты. Осакадагы көргөзмө үчүн колонка жапон тилин үйрөнүп, эми кыргыз, англис жана жапон тилдеринде сүйлөйт.
Мындан тышкары, коноктор Mirror Look — улуттук кыргыз кийимдерин виртуалдык түрдө кийип көрүүгө мүмкүндүк берген IT-продуктуну сынап көрө алышты. Жасалма интеллект коноктун салттуу кийимдеги сүрөтүн жаратат жана аны дароо телефонго жүктөп алууга болот
Белгилей кетсек, 2024-жылы Жогорку технологиялар паркынын резиденттери гана 10,67 млрд. сомго кызмат экспорттошту. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 45%га көп.