Осака университетинин доценти Такуя Фудзинага кулпунай жыйноо үчүн атайын робот ойлоп тапты. Бул тууралуу gazeta.ru агенттиги Computers and Electronics in Agriculture (CEA) журналынан алынган маалыматтын негизинде билдирди.
Акыркы жылдары Жапонияда кулпунайга болгон ички жана сырткы талап көбөйгөн. Бирок айыл чарба тармагында иштеген жумушчулардын саны жылдан-жылга азайып бара жаткандыгына байланыштуу кошумча күч зарыл болгон. Мындан улам робот ойлоп табылып, ишке жарамдуулук боюнча бир нече сыноолордон өткөрүлдү. Соңунда анын татаал шарттарда да иштей алары аныкталып, пайдаланууга берилди.