"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Жапониянын аралдарында 911 жолу жер титиреди

The Japan Times маалымат агенттиги билдиргендей, Жапониянын Токара аралдарында акыркы эки жуманын ичинде 900дөн ашык жер титирөө катталды.

Эң күчтүү жер титирөө аталган аралдын Тосима айылында 2-июль күнү катталып, күчү 5,5 баллга жетти.

Токара аралдарындагы жердин силкинүүсү 21-июнь күнү башталып, ошол убактан бери өтө көп ирет кайталангандыктан, анда жашаган эл уктагандан коркуп калышкандыгын айтышууда. Бул аралдагы жер титирөөлөрдүн саны акыркы эки жылда өсүп, 2021-жылы 6,1 баллдык зилзала болгон.

Бүгүнкү күндө анын аймагында 668 адам жашайт.