«Инфоком» мамлекеттик ишканасы Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү. Тиешелүү Жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Алдыда жарандарды кезек күттүрүп отурбай эле, документтерди үйүнөн буюртма берип тапшыруу шартын түзүп беребиз. Санариптик кызмат көрсөтүүнүн алкагында документтер, справка ж.б тийешелүү маалыматтарды жеткирүү кызматы менен ала тургандай кылабыз. Каалоочулар мына ушундай кызматтарды дагы пайдалана тургандай шарт түзөбүз», — деп жазды Туманбаев.