Кыргызстанда быйыл 11 айдын ичинде жарандарга жалпы 127 млн 653 миң сом камсыздандыруу төлөмү берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.
Маалыматка ылайык, милдеттүү турак жай камсыздандыруусу боюнча 236 учур катталып, жабыркаган үй-бүлөлөргө 30 млн 561 миң сом төлөндү. Анын ичинде өрттөн жабыркаган 145 үйдүн ээлерине 27 млн 580 миң сом кенемте берилген.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан белгилешкендей, камсыздандыруу күтүүсүз кырсыктардан кийинки чыгымдарды азайтууга жардам берет.

