"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жарандык коом коррупцияга аралашкан жарандарга өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады

Коррупция иштерине аралашкан жарандарга өлүм жазасын киргизүү керек. Мындай пикирин «Коррупция менен курөшүү» комитетинин торагасы Таалайбек Урманбетов Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин жарандык коом менен болгон алгачкы жолугушуусунда билдирди.

«Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү үчүн ириде тиешелүү мыйзамдарды күчөтүп мындай ишке аралашкан адамдардын күнөөсү далилденген болсо, өлүм жазасын киргизүү керек» , — деди ал.

Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдардан бери коомчулук жемкорлуктун сазына батып, анын чеңгээлинен чыга албай жатат.

Укук коргоочу Турсунбек Акун кенештин өкүлдөрүн саламаттык сактоо тармагында орун алган коррупциялык көрүнүштөргө олуттуу көнүл бурууга чакырды.

«Учурда пандемия күчөп жаткан убакытта саламаттык сактоо тармагынын ишине анын ичинде коррупция менен күрөшүүгө олуттуу көнүл буруу керек деп эсептейт»

Антикоррупцияга ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова жемкорлук менен күрөшүү Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдардан бери эле айтылып келе жаткандыгы менен анын натыйжасы анча билинбегенбегендигин баардыгы кагаз жүзүндө калып жаткандыгын айтты.

«Коррупцияны жок кылыш үчүн жаны система түзүшүбүз керек. Ал үчүн акылыбызды билимибизди жумшайлы. Системага жаны кадрларды алып келип жаныча иш алып барып, жаныча механизмдерди иштеп чыгуу керек», -деди ал.

Анын айтымында Коррупцияга каршы кенеш президенттин алдында түзүлгөн, ал президенттин жемкорлук менен күрөшүү саясатын колдойт.

«Биз коомчулуктан келип түшкөн сунуштарды, арыздарды карап чыгып, аларды анализдеп талдап, ошолорду чечүүнүн жолун таап чыгып президент менен болгон жолугушууда көтөрөбүз», — деди Нурипа Муканова.

Белгилей кетсек, Антикоррупциялык ишкердик кеңеш президенттин жарлыгы менен 8-июлда түзүлгөн. Кеңеш коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосунда иш алып барат. Ошондой эле, бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн шарттарды түзөт.