"Эркин-Тоо"

 Жардамчысы кылтакка илинген министр неге үн катпайт?

Өткөн аптанын соңунда УКМК коргоо министринин О.У.Ж аттуу жардамчысын кылтакка илди. Атайын кызмат Аскер прокуратурасы менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (“Мамлекеттик же муниципалдык кызматтын тутумунда кызмат берүү үчүн пара алуу”) каралган кылмыш ишинин алкагында коргоо министринин жардамчысын кармаган. Текшерүү учурунда аныкталгандай, аталган О.У.Ж. өзүнүн меркантилдик максаттарын көздөп, акчалай сый акы үчүн Коргоо министрлигинин айрым аскер кызматкерлерин карьералык тепкич боюнча дайындоо жана жогорулатуу менен алектенгендиги аныкталган.

Атайын кызмат тараткан расмий маалыматта ал 2024-жылдын 25-майында Бишкек шаарынын Аскер комиссариатынын Октябрь райондук бөлүмүнүн кызматкери О.Т.Б.дан Коргоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн комиссариатына которуу үчүн 100 миң сом алган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2024-жылдын 12-декабрында полковник О.У.Ж. Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасынын башкармалыгына киргизилди.

Эсиңерде болсо, биздин гезит соңку 2 жылдан бери Коргоо министрлигиндеги уставдан тыш, мыйзамсыз аракеттерди, аскердеги чоңсунуу, жемкорлукка шектүү көрүнүштөрдү “ташка тамга баскандай” тизмектеп, реалдуу сын пикирлерди чагылдырып келет. Ай башында Улуттук Гвардияда кызмат өтөө учурунда сержанттар тарабынан “иттин баласынча” сабалып, бир бөйрөгү чачырап кеткиче тепки жеген көрүнүштү да тизмектеген элек. Материал жарыкка чыгаар замат министрлик чычалап, коргоо министри Бактыбек Бекболотов кол алдындагы кызматкерлери аркылуу биздин жазганыбызды негизсиз сын катары кабылдап, кудум “башын жуубай биттен көрүп, үйүн жыйбай иттен көргөн” образды туюнтканы таңкалтырган. Министр катары ал тармактагы “кылт эткен” көрүнүштөргө чейин моралдык жоопкерчилиги болоорун кабылдабайт көрүнөт.

Өткөн жылы министр Бактыбек Бекболотовдун Балыкчыдагы иш сапарына маектешүү үчүн чакырылган биздин кызматкерибизди жакында кылтакка илинген министрдин жардамчысы оозго алгыз сөздөр менен сөгүп-саккан көрүнүштөн соң “бок ооз” полковниктин ишмердүүлүгүнө кызыгып, реалдуу сындарды жазган элек. Анын шектүү иш-аракетин бир катар полковниктер ачык айтууга даабаганы менен министрге таянып, “байдын дөбөтүндөй кутурган” бул эргулдун иштерин көшөгө артынан узун-сабак кеп кыла каңкуулашкан. Министрдин айланасы биздин кабарчыбызга өкүм-зордук кылуу менен жардамчы Улан Осмоналиев тууралуу материалды тез арада өчүрүүнү талап кылышканы бар. Эми алар жемкорлук үчүн айыпталып, камакка алынган Улан Осмоналиевди “азыркыдай эрдиги” үчүн үн катканга жарашаар бекен?

Дал ушул Улан Осмоналиевдин райондук аскер комиссариатынын кызматкеринен алган “сый-акысы” ачыкталып, айыбы ашкере болду. Мындай шартта өзүнүн “оң колу” олуттуу кылмышка кириптер болуп жатса, министр Бактыбек Бекболотовдун моралдык жоопкерчилиги каралабы? Жардамчысы мындай “олуттуу ишке” өзүнөн-өзү “батынып” барбаса керек. Жетекчи, аскер генералы катары Бактыбек Бекболотов мындай иштерге карата акыры “ак” же “көк” деш керек да, туурабы? Же адатынча сын жазган журналисттердин ишин негизсиз деп баалап, бул көрүнүшкө карата “унчукпаган үйдөй балээден кутулуптур” образына өтөбү? Азырынча биз суроо гана салдык. Министр жооп узатууга эрки жетсе, анын пикирин да тыңдоого даярбыз.

 

Калыгул Бейшекеев