"Эркин-Тоо"

Жаркынбек Касымбеков: Министр менен элдин ортосунда тоскоолдук болбошу керек

Саламаттыкты сактоо министрлиги ар дайым ачык баарлашууга жана жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө даяр. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Касымбеков бүгүн пандемия учурунда кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине компенсация берүү маселеси боюнча жарандарды кабыл алды.

«Эл министрликтен нааразы болбошу керек. Маселелерди жеринде чечишибиз керек», — деди министрдин милдетин аткаруучу.

2020-жылдан бери Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 3 миң 345 кызматкерге жалпы суммасы 610 миллион 385 миң 385 сом бир жолку акчалай кенемте акысы төлөндү. Анын ичинде каза болгон медицина кызматкерлеринин 51 үй-бүлөсү бар.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!