"Эркин-Тоо"

Жарлык: Эми Ысык-Көлдө жашаган тургундардын пляжга кирүүсүнө тоскоолдук жаралбайт

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Ысык-Көлдүн табияты Кыргызстандын азыркы жана келечектеги муундары үчүн таберик энчи болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан көптөгөн курорттук-рекреациялык объекттер (санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждик конуштар) ар кандай тосмолорду орнотуу аркылуу калктуу конуштардын тургундарынын пляж аймактарына кирүүсүн чектеп жатат.

Ошол эле учурда “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 “Ысык-Көл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомунун жергиликтүү калктын пляж аймактарына эркин кирүүсүн камсыз кылуу бөлүгүндөгү талаптары көп учурларда эске алынбай калууда.

Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун бузуулар Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тургундарынын нааразычылыгын пайда кылып жатат.

Аталган калктуу конуштардын тургундарынын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо, алардын пляж аймактарына эркин кирүүсүн камсыз кылуу жана мүмкүн болуучу кесепеттерди болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

  1. Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүүсүнө кандайдыр бир чектөөлөр коюлбайт деп белгиленсин.
  2. 2022-жылдын 1-июлунан тартып:
    – жогоруда аталган жарандардын тиешелүү калктуу конуштун чегинде, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына тоскоолдуксуз кирүүсү камсыз кылынсын;
    – Ысык-Көлдүн пляж аймактарында жайгашкан, ачылуучу калиткалары жок жана жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоолдук кылган тосмолор (дубалдар, темир торлор, металл зымторлор) демонтаждалсын, ошондой эле аларды мындан ары орнотууга тыюу салынсын;
    – менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын жетекчилери пляж аймактарын биодааратканалар менен жабдууга милдеттендирилсин;
    – тиешелүү калктуу конуштун чегинде, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына жергиликтүү калктын кирүүсүнө чектөө коюу фактыларына бөгөт коюу жана болтурбоо боюнча комплекстүү чаралар көрүлсүн;
    – курорттук-рекреациялык объекттердин аймагында коомдук тартипти сактоонун зарылдыгы жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштери системалуу түрдө жүргүзүлүп турсун;
    – төмөнкүлөр камсыз кылынсын:
    Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынынын жогоруда аталган жоболорун, ошондой эле ушул Жарлыктын талаптарын аткаруудан баш тарткан ижарачылар менен тиешелүү ижара келишимдерин белгиленген тартипте бузуу;
    Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарында жалпыга жеткиликтүү пляж аймактарын уюштуруу.
  3. Ушул Жарлыктын 2-пунктун аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, мамлекеттик райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерине, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын начальнигине жүктөлсүн.
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 1-августуна чейин Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагынын объекттерин куруунун, абаттоонун, техникалык эксплуатациялоонун жана күтүүнүн эрежелеринин жаңы редакциясын иштеп чыксын жана бекитсин.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!