"Эркин-Тоо"

ЖАСАЛГАН ИШТИН БААСЫ КЫШ МЕЗГИЛИНДЕ БИЛИНЕТ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Бишкекжылуулуктармагы” жана Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасына барып, ал жердеги абал менен таанышты. Бакыт Төрөбаев тиешелүү жетекчилерге борбордогу көп кабаттуу үйлөрдү, бюджеттик жана социалдык мекемелерди жылуулук менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыздоону тапшырды. Ал жылытуу мезгилинде эч кандай өзгөчө кырдаалдар жаралбашы үчүн тиешелүү ишканалардын жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери ар кандай жагдайлардын алдын алып, дыкат иш жүргүзүүсү зарыл деп баса белгиледи. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары буга чейинки аткарылган иштердин жыйынтыгы кыш мезгилинде билинерин, жылытуу мезгилинин кандай өтүшү убагы келгенде өзүнчө каралып, тиешелүү баа берилерин айтты.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№2 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 13-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!