Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жасалма акча сатууга шектелген жаранды кармады. Ал 50 миң АКШ долларын сатууга сатып алуучуларды издеп жүргөнү тууралуу маалыматтын негизинде аныкталган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2003-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну Э.Ж. кармалып, андан далил катары жасалма 400 доллар алынган. Экспертиза дайындалып, купюралардын жасалма экени тастыкталды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгү («Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо») менен кылмыш иши козголду. ИИМ маалымдагандай, жасалма акчалар чет өлкөдөн алынып келинген.