Кыргызстандын аймагында жасалма акча каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинде (Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында Бишкек шаарында трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү, жасалма акчаларды (Түркияда жасалган АКШ доллары) сатуу менен алектенген КР жарандары Ж.К.А. жана М.К.Т. кармалды.
Кармалган адамдар чет мамлекеттердин (Өзбекстан Республикасы жана Түркия) жарандары менен алдын ала сүйлөшүп, КР жана Өзбекстандын аймагында жасалма акча каражаттарын алып сатууну жана жүргүртүүнү ишке ашырышкан.
Учурда Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймагында контрафакттык акча каражаттарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген адамдардын кеңири чөйрөсүн (Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын жарандары) аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.