Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жасалма документтерди иликтөө учурунда 2014-жылдын 13-ноябрында Нижневосточное айылында болгон адам өлтүрүү фактысын аныктады.
Маалыматка караганда, А.Б. аттуу жаран досу М.Аны капчык уурдады деп айыптап, уруша кеткен. Натыйжада М.А. каза болгон.
Маркумдун туугандары окуяны билип, бирок милицияга кайрылбай, маркумду жашыруун көмүшкөн. Ал эми жасалма медициналык документте өлүмдүн себеби катары жүрөк-кан тамыр оорусу көрсөтүлгөн.
Иликтөө учурунда милиция жасалма документти аныктап, маркумдун сөөгүн кайра казып, экспертиза дайындоого өткөн. Бул иштердин натыйжасында шектүү кармалды.