"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жасалма номер менен жүргөн айдоочуга айып пул салынды

Кызыл-Кыя шаарында жасалма номер тагып, унаасына атайын жарык берүүчү каражаттарды орноткон Honda CR-V унаасынын айдоочусу 25 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБне караштуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин жарандар тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 0585OK номери тагылган унаанын видео тасмасы  жөнөтүлгөн. Мындан улам унаа айып короого токтотулган. Андан соң номери жасалма экени аныкталып, айдоочуга айып пул салынды.